Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга курсанттар экскурсияга келишти

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы республикалык окуу борборунун 7-8-взводдорунун курсанттары экскурсияга келишти. Алар университеттин илимий китепканасы, музейи жана чоң жыйындар залы менен таанышып чыгышты. Анда И.Арабаевдин өмүр баяны, басып өткөн жолу тууралуу кеңири маалымат берилди. Экскурсиянын жүрүшүндө окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева курсанттар менен жолугуп, өлкөнүн коопсуздугун коргогон сакчыларга бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.