Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУга региондордон бүтүрүүчү класстарынын окуучулары ЖОЖ менен таанышууга келди 

Бүгүн Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Чүй, Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарынын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары жогорку окуу жай менен таанышууга келди. 
Чуй облусунун № 3 орто мектебинен, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айылынын Ж. Сатылганов атындагы орто мектебинен, Талас облусунун Чолпонбай айылынын С.Садыков атындагы орто мектебинен жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Шакафтар айылынын Ю.А. Гагарин атындагы орто мектебинен келген 11-класстын окуучуларына Экология жана туризм кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучусу Темирбек уулу Иличбек И.Арабаев атындагы КМУ тууралуу баяндап, келечекте кесип тандоо тууралуу айтып берди.