Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга Сокулук районунун Ат-Башы мектеп-лицейинин окуучулары келишти

Бүгүн, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине Сокулук районундагы Ат-Башы мектеп-лицейинин 8-9-10-класстарынын окуучулары келишти. Жолугушуу окуу жайдын практика боюнча жетекчиси Нурпаис Баястановдун жетекчилиги астында уюштурулган. Окуучуларга Биология жана химия факультетинин профессордук-окутуучулар курамы кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүп,  биология жана химия сабактары боюнча лекция жана практикалык сабактарды өтүштү. Аны менен катар, окуучулар факультеттин тарыхы, материалды-техникалык базасы менен таанышып, кафедра башчылары менен маектешти. Университеттин окутуучулары Жанарбек Жаснакунов,  Айгүл  Абдыкапарова, Гүлнар Шаршеналиева, Салкын Бейшеналиевалар “Практикалык сабактарда колдонулуучу көрсөтмө куралдарды даярдоо”,  ”Органикалык эмес заттардын химиялык касиеттери”, “Тукум куучулуктун хромосомдук теориялары”, “Биомолекулалар жана алардын касиеттери” деген темаларда лекцияларды окуп, илимий-изилдөө лабораториясында биохимиялык анализатор менен иштөөнү көрсөтүштү. Ал эми Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин ага окутуучусу Айгүл Бузурманкулова “Компьютердик сеттер” деген темада лекция өттү. Жыйынтыгында окуучулар жеке жана класс менен бирдикте дайыма практикалык жана лабораториялык сабактарга катышуу  боюнча сунуштарын айтып, бул багытта сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.