Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУга Түндүк Кипрден делегация келди

И.Арабаев атындагы КМУга Түндүк Кипр Түрк Республикасынан делегация келди. Сыйлуу конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, Окуу иштери боюнча проректор, профессор Талантбек Курманбек уулу, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор, профессор Айгүл Чалданбаева, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбековалар тосуп алды.

Делегациянын курамында Транспорт жана байланыш министри Эрхан Арыклы, Билим берүү министри Назым Чавушоглу, DAU университетинин ректорy Хасан Кылыч, LAU университетинин ректору Мехмет Али болду.

И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева сыйлуу коноктордун биздин университетибизди тандап, көңүл буруп, убакытын бөлүп келгендерине ыраазычылыгын билдирди.