Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУга Түндүк Кипрден делегация келди

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Билим берүү министри Назым Чавушоглу мырзага И.Арабаев атындагы КМУнун Ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Коноктор үчүн ЧТЭМ кафедрасынын ага окутуучусу А.Турсунова түрк тилинде көрсөтмө сабагын презентация менен өттү. Конокторду И.Арабаев атындагы КМУнун музейи менен Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев тааныштырды.

Сыйлуу коноктор үчүн университеттин студенттери даярдаган маданий программа тартууланды.