Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга Япониядан делегация келди

И.Арабаев атындагы КМУга Япониядан делегация келди. Делегация менен жолугушууга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгул Чалданбаева, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, ректордун кеңешчиси Мичинори Ёцухаши катышты.

Жолугушууга Япония тараптан келген парламенттин Вакаяма префектурасынан депутаты Мори Рейко айым, Вакаяма университетинин президенти Мицуги Мотояма мырза, Кансай регионунун Ардактуу консулу Такаси Бунно мырза, консулдуктун кызматкери Надежда Савикина айым, Вакаяма префектурасынын эл аралык бөлүмүнүн менеджери Терамото Такуми мырза, Вакаяма префектурасынын эл аралык бөлүмүнүн менеджери Казуэ Накамото айым, котормочу Мамашева Жийдегуль айым болду.

Тараптардын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде жогорку билим берүү жаатында жигердүү иш алып баруу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Кыргыз-япон жолугушуусу маданий программа менен коштолуп, окуу жайдын музейине экскурсия жана япон тилинде концерттик номерлер аткарылды.