Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУга Япониядан делегация келди

И.Арабаев атындагы КМУга Япониядан делегация келди. Делегация менен жолугушууга КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректор Айгүл Чалданбаева, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров, ректордун кеңешчиси Мичинори Ёцухаши катышты.

Жолугушууга Япония тараптан Шибата шаарынын мэри Каору Никайдо жетектеген делегация катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Тагыраак айтканда, Японтаануу институтунун студенттери, Япониядагы мекемелерде стажировка өтүп, тажрыйба алмашууга шарт түзүлдү.