Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун 1-курсунун студенти Тимур Касымов К.Аденауэр атындагы Фонддун стипендиаты болду

2024-жылдын февраль айында Бишкек шаарында Конрад Аденауэр Фондунун Sur-PLASE программасынын алкагында стипендияга талапкерлерди сынактык тандоо болуп өткөн. Сынакка Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын студенттери катышкан.

Ачык жана транспаренттик процедуранын негизинде И.Арабаев атындагы КМУнун 1-курсунун студенти Тимур Касымов сынактык тандоодон өттү.

Кыргызстандагы Фонддун стипендиаттарынын жаңы тобу жыл бою Фонддун Борбордук Азиядагы эң маанилүү жана түрдүү иш-чараларына катышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк алат, ошондой эле Фонддун стипендиясын алат.