Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун 1-курсунун студенттери арасында интеллектуалдык мелдеш оюну өттү

19-октябрда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин География, химия, биология  жана туризм институтунун 1-курсунун студенттеринин арасында «Улуу агартуучу  И. Арабаевдин өмүрү, чыгармачылыгына арналган» интеллектуалдык мелдеш оюну болуп өттү.  Иш-чараны аталган институттун жаштар жана тарбия иштери боюнча координатору жана студенттик парламенти уюштурган. Анын максаты, университеттин атын алып жүргөн Ишенал Арабаевдин өмүр жолун, чыгармачылыгын жаштар арасында кеңири жайылтуу болуп саналат.  Интеллектуалдык мелдеш оюну жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында жеңүүчү аталган топтор дипломдор жана мактоо баракчалары менен сыйланышты.