Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун 3-курстарынын базалык практикасы жыйынтыкталды

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин Билим берүү багытында окуган 3-курстарынын (Математика, Физика, Информатика профилдери) базалык практикасын жыйынтыктоочу конференциясы болду.
Иш-чарада студенттер теориялык билимин гана эмес, алган практикалык көндүмдөрү жөнүндө кеңири маалымат беришти. 
Аталган конференцияда практика учурунда мектеп окуучулары менен бирдикте иш алып баруу, педогогикалык жөндөмдүүлүк тууралуу кеп-кеңештер айтылды. 
Болүп өткөн иш-чарада окуу жайыбыздын студенттери практика учурунда аткарган иштери, окутуу методикалары жөнүндө баяндап, жетекчи мугалимдерге отчётторун тапшырышты.