Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун 5 студенти президенттик стипендия менен сыйланды

Бүгүн, 23-декабрь күнү, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясын тапшыруу салтанаттуу аземи өттү. Анда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери Бекболотов Сталбек, Кубатбек кызы Зарина, Омурова Айгерим, Рахманалиева Миргүл жана Сагынбекова Гүлжамал КРнын Президентинин мактоо баракчасы жана 60 миң сом өлчөмүндө президенттик стипендиясы менен сыйланышты.

Университетибиздин мыкты студенттери менен сыймыктанабыз жана аларга алдыда дагы-дагы көптөгөн ийгиликтерди каалайбыз!