Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун аспирантурасына КЭРден адистерди кабыл алуу боюнча макулдашуу ШЭБУнун онлайн конференциясында жетишилди

И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айсулу Бейшенова Шэньси Эл аралык Бизнес Университетинин (ШЭБУ) онлайн конференциясына катышты. Бул конференцияда И.Арабаев атындагы КМУнун аспирантурасына Шэньси университетинин окутуучуларын кабыл алуу; бакалавриат жана магистратура деңгээлинде институтту биргелешип түзүү сыяктуу бир катар орчундуу маселелер каралды.

Конференцияга Кытай тараптан Шэньси университетинин негиздөөчүсү Чжао Чао, университеттин башкаруу комитетинин төрагасынын орун басары Дин Дэкэ, университеттин башкаруу комитетинин мүчөсү Чжан Юйцзе, эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Ван Тун жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчисинин жардамчысы Ван Вэньцзяо катышышты. Кыргыз тараптан аспирантура, докторантура жана PhD бөлүмүнүн башчысы Айгүл Чалданбаева жана эл аралык бөлүмдүн башчысы Рахат Рай кызы катышты.

Жыйындын жыйынтыгында Шэньси эл аралык бизнес университетинен 30 мугалимди И.Арабаев атындагы КМУнун аспирантурасына кабыл алуу чечими кабыл алынды.