Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун айымдарына арналган 8-март Эл аралык айымдар күнүнө арналган салтанаттуу кече

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети 8-март айымдардын Эл аралык майрамына карата иш-чара өткөрдү. Майрамдык иш-чара Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева 8-март айымдардын Эл аралык күнү менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө, тарыхына, маданиятына, илимий жетишкендиктерине, билим берүүсүнө зор салымдарын кошуп, ийгиликтерди жараткан айымдарыбызга сыйлыктар тапшырылды.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Камила Талиевага И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамы ыйгарылды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика кафедрасынын профессору Миргуль Эсенгуловага, И.Арабаев атындагы КМУнун Бириккен профсоюз уюмунун төрагасынын орун басары, Фундаменталдык жана прикладдык лингвистика кафедрасынын доценти Динара Дайырбековага, И.Арабаев атындагы КМУнун Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызына КРнын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасын КРнын ЖКнын депутаты Камила Талиева тапшырды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин «Ардактуу профессору» наамы Искусство жана дизайн факультетинин музыка кафедрасынын ага окутуучусу Осипа Кадыровага берилди.

КРнын билим берүү жана илим министрлигинин “Илимдин мыктысы” төш белгиси менен Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессору, филология илимдеринин доктору Чынара Тулеева сыйланды.

«И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эмгек сиңирген ишмери» төш белгиси менен Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессору Сынару Алымкулова, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун ага окутуучусу Фаина Айдарова менен ага окутуучу Нурийса Чыланбекова жана Мамлекеттик тил жана маданият институтунун ага окутуучусу Сайра Аманбаева, Жамиля Токомбаева жана башкалар сыйланды.

И.Арабаев атындагы КМУнун “Илимге сиңирген эмгеги үчүн” төш белгиси Экономика жана менеджмент институтунун доценти Гүлмира ϴмүркуловага тапшырылды.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардак грамотасы менен Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучусу Назира Осмонова, Искуcство жана дизайн факультетинин окутуучусу Лайликан Амираева, Дене тарбия факультетинин ага окутуучусу Бактыгүл Карабаева жана башкалар сыйланды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин I даражадагы диплому менен КРнын кыз-келиндер арасында бел боо күрөшү боюнча чемпиону, Эл аралык класстагы спорт чебери, Дене тарбия факультетинин окутуучусу Назира Арзыбекова сыйланды.

Окуу жайдын бириккен профсоюздук уюмунун төрагасы Назар Догдурбек И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин кесиптик бирлигинин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө кошкон жигердүү салымы жана талыкпаган көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Ардак грамоталарды тапшырды.

Салтанаттуу кеченин маданий программасында дүйнөлүк, улуттук классика чыгармалары аткарылды.