Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун бүтүрүүчүсү, PhD Тогаши-Бексултанова Махабат менен жолугушуу

И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасында  Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин бүтүрүүчүсү, PhD Тогаши-Бексултанова Махабат менен жолугушуу болуп өттү. 
Махабат жолугушууда Япониядагы билим жолу тууралуу маалымат берип, изилдеген илимий темасы боюнча кызыктуу лекция өттү жана жыйынтыгында окутуучулардын, студенттердин кызыктырган суроолоруна жооп берди.
Тогаши-Бексултанова Махабат 1998-2003-жылдары Чыгыш тилдери жана маданияты институтунда билим алып, «Аймак таануу» адистигин (япон тили) бүтүргөн. Андан соң эмгек жолун аталган институтта окутуучу кызматы менен баштаган.   
2006-2023-жылдары Япония өлкөсүндө билимин жогорулатып, төмөнкү окуу жайларда билим алган: 
- 2006 - Кокушикан университети, Токио, Япония (Бакалавриат);
- 2008 - Университет ООН, Япония, Токио;
- 2009 - Токио университети, магистратура, «Эл аралык мамилелер» адистиги;
- 2015 - Токио университети, докторантура;
- 2023 - Дошишя университети, докторантура, Киото, Япония. 
Махабат 2006-2019 жылдар аралыгында Япония өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин долбоорлорунда жана Токиодогу JICA, JICE уюмдарынын башкы офистеринде иштеген.
Бүгүнкү күндө Япония өлкөсүндө жашайт жана илимий ишин улантууда. 
Иш-чаранын уюштуруучулары – Японтаануу институту, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети.