Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун базасында магистратура боюнча IU Япония университетинин филиалын ачуу пландалууда

И.Арабаев атындагы КМУ менен IU университети (Токио маалымат жана инновациялар менеджменти университети)  ректор Айгүл Абдраеванын Японияга болгон иш сапарынын алкагында кол коюлган Кызматташуу келишиминдеги милдеттерди ишке ашырууга киришти.
И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева IU университетинин профессору Шираи Такако айым менен жолугушуп, кызматташууну мындан ары натыйжалуу өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Тараптар университеттин базасында IU университетинин филиалын ачууну жана магистратура программасынын келечегин талкуулашты. Ошондой эле студенттердин кош диплом (кыргыз жана япон) алуу мүмкүнчүлүгүн карап, материалды натыйжалуу жана жеткиликтүү кабыл алуу (япон тилин өздөштүрүү) үчүн окуу пландарын өркүндөтүү жана университеттер ортосундагы студенттерди алмашуу программаларын талкуулашты.