Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун “Билим” клубу КРнын Волейбол федерациясынын президентинин кубогуна катышууда 

И. Арабаев атындагы КМУнун Дене тарбия факультетинин окутуучусу, КРнын көп жолку чемпиону, спорт чебери Жээнбек Абдыйсаев жана университеттин “Билим” клубу КРнын Волейбол федерациясынын президентинин кубогунун ачылышына катышышты. Анда КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлигинин Ардак грамотасы менен Дене тарбия факультетинин окутуучусу, Жээнбек Абдыйсаев сыйланды. Аталган мелдештер 5-декабрда старт алды. Университетибиздин “Билим” клубуна ийгиликтерди каалайбыз!