Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун "Билим" командасы жогорку лиганын чемпиону болду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин волейбол боюнча "Билим" командасы жогорку лиганын чемпиону болуп, Улуттук лигага жолдомо алды. "Билим" клубунун жалпы жамаатын, күйөрмандарды 1-дивизионго жолдомо алышы менен университеттин ректору Айгүл Абдраева куттуктап, аларга бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек, университеттин волейбол командасы 2017-жылдан тартып чемпионаттарга катышып келет. Учурда, И.Арабаев атындагы КМУнун "Билим" волейбол клубунун президенти Назар Догдурбек жана команданын оюнчу-машыктыруучусу милдетин Аман Токтокожо уулу аркалайт.