Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Биология жана химия факультетинин методисти КМШнын жаш окумуштуулары үчүн өткөн стажировкасына катышып келди

Биология жана химия факультетинин методисти Алина Орокчуева үстүбүздөгү жылдын май-июнь айлары аралыгында Россия Федерациясынын Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институту жана КМШнын нанотехнологиялар боюнча эл аралык инновациялык борбору тарабынан КМШга мүчө мамлекеттердин Гуманитардык кызматташтык боюнча мамлекеттер аралык фондунун колдоосу менен уюштурулган жаш окумуштуулар жана адистер үчүн стажировкага катышып келди. Бул иш-чарага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Армения жана Кыргызстандан катышышты.
1 ай аралыгында катышуучулар Ядролук изилдөөлөрдүн бириккен институтунун 7 лабораториясы жана 1 илимий окутуу-изилдөөчүлүк борбору менен таанышты.
Бул иш-чаранын максаты – КМШ өлкөлөрүнүн жаш изилдөөчүлөрү жана адистери менен тыгыз байланышта болуу жана билимдери менен бөлүшүү.