Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун бир катар окутуучулары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары президент Садыр Жапаровдун колунан бир катар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

“Даңк” медалы менен Рысманов Тыныбек Орозбекович КМУнун ардактуу профессору, ага окутуучусу;

«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы менен Сыдыгалиев Джаныбек – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Көркөм өнөр жана дизайн факультетинин профессору;

Эгембердиева Аида Абдыжапаровна – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директорунун милдетин аткаруучусу;

“Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер” наамы менен  Садыкова Сымбат Зарылкановна – И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тил илими институтунун немис тили кафедрасынын башчысы;

Эргешов Абжапар Абдыразакович - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин География, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору;

Окуу жайдын сыймыгы болгон сыйлык ээлерин университеттин жалпы жамааты куттуктап, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайт!