Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Бишкек Седжонг Институтуна Корея Республикасынын парламентинин делегациясы келди

15-майда Корея Республикасынын парламентинин Маданият, спорт жана туризм боюнча комитетинин төрагасы Ли Сан Хон И.Арабаев атындагы КМУнун Бишкек Седжонг Институтуна келди. Делегациянын курамында Корея Республикасынын парламентинин Маданият, спорт жана туризм боюнча комитетинин мүчөлөрү, Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ли Вон Чжэ жана катчысы Су Ён Ким болду.

Төрага Ли Сан Хон институттун ишин жогору баалап, «Бишкек Седжонг институту корей тилин жана маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн дүйнөдөгү 248 институттун ичинен 2023-жылы эң мыкты институт деп табылганын» белгиледи. Ал ошондой эле «Корея Республикасынын парламентинин Маданият, спорт жана туризм боюнча комитети жана Седжонг Институтунун Фонду Бишкек Седжонг институтуна жана И.Арабаев атындагы КМУга жигердүү колдоо көрсөтөөрүн» кошумчалады.

Өз кезегинде И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Корей тили бөлүмүнүн студенттери корей тили жана маданияты менен жакындан таанышып, Кореяда билим алуу үчүн Бишкек Седжонг институтунун активдүү жардамы менен жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача аларына ыраазычылыгын билдирди.