Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили бөлүмүнүн башчысы дайындалды

27-июнда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, ф.и.д., профессор Айгүл Абдраева Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун профессордук-окутуучулар курамы менен жолукту. Жолугушууда корей тили бөлүмүнүн башчысы болуп Сон Донг Веон дайындалды. Сон Донг Веон мырза бүгүнкү күндө Седжонг институтунун директору жана бир нече жылдан бери Кыргызстанда корей тилин, маданиятын таанытып жүргөн окутуучулардын бири.
Сон Донг Веон мырзага бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз.