Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун студенттери Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Жаштар форумуна катышты

Ушул жылдын 23-26-октябрь күндөрү Ысык-Көлдө “Каприз” пансионатында Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча төрт күндүк Жаштар форуму өттү. Иш-чара КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция кеңешинин колдоосу менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте өттү. Форумга И.Арабаев атындагы КМУ, К.Карасаев атындагы БМУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ, ОшМУ, Б.Осмонов атындагы ЖАМУ, Баткен мамлекеттик университетинен 30 студент катышып, алар “Адам сатуу деген теманы мен кантип түшүнөм?” эссе жазуу боюнча сынактын негизинде тандалып алынган. Бул иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 1-курсунун студенттери Айдай Азимжанова, Рамиля Аалиева, Гүлназ Акимова, Аяна Лунцовалар катышты.
4 күндүн ичинде жаш лидерлер эксперттердин жетекчилиги астында маалыматтык сессиялар аркылуу улуттук жана эл аралык мыйзамдардын эң маанилүү аспектилерин, адам сатуунун курмандыктарын кайра багыттоонун улуттук механизмин жана мыйзамсыз миграция көйгөйлөрүн изилдеп, реалдуу иштерди талдап чыгышты жана интерактивдүү көнүгүүлөрду аткарды.
Форумдун катышуучулары өздөрүнүн университеттеринде ишке ашыруу үчүн өздөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгышты жана сунушташты.