И. Арабаев атындагы КМУнун “Дарылоо иши” багыты боюнча билим берүү программасы эл аралык аккредитациядан өтүүдө
11-сентябрдан тартып, 13-сентябрына чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Дарылоо иши” 5/6 жылдык багыты боюнча билим берүү программасы эл аралык стандарттардын негизинде аккредитациядан өтүүдө. Үч күнгө созулган аккредитация процессинде программанын сапаты, эл аралык талаптарга жооп берүүсү жана билим берүү деңгээли бааланат.
Бул аккредитация И. Арабаев атындагы КМУнун билим берүү программаларынын дүйнөлүк стандарттарга шайкештигин тастыктап, университеттин эл аралык деңгээлдеги репутациясын бекемдөөгө чоң салым кошот.