Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы КЭРдин Хэбэй Вайшин кесиптик техникалык окуу жайында

4-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясында Хэбэй Вайшин кесиптик техникалык окуу жайынын директору Жанг Ву жана директордун орун басары Жанг Боханг менен жолугушту.

Жолугушууда кытай тарабынан И.Арабаев атындагы КМУнун бакалавриат, магистратура жана PhD программаларына кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Делегацияны КМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Талантбек Курманбек уулу жетектейт.