Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы ОшМПУга иш сапары менен барды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин делегациясы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине иш сапар менен барышты.

Делегациянын курамында И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы Эдилбек Амантур уулу баштаган Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору Гульнара Үсөнгазиева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Улан Керимов, Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Назгүл Ажымамбетова, Инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борборунун башчысы Сапарбек Оморов, Маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Жолдошбек Мокешов.

Делегацияны ОшМПУнун Окуу иштери боюнча проректору Каныбек Раимбеков тосуп алып, жолугушууда эки окуу жай ортосундагы кызматташтык туурасында сөз болду. Аталган жолугушуу тараптар ортосунда ынтымакты бекемдөө, билим берүүдөгү бир топ натыйжалуу иштерди биргеликте жүзөгө ашыруу жана тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.

Ошондой эле, делегация мүчөлөрү ОшМПУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышты. Андан тышкары, алар университеттин түзүмдөрүндө болуп, кеңири маалымат алып, сабактарга катышты.

Белгилей кетсек, эки ЖОЖ илим жана билим берүү жаатында, анын ичинде педагогикалык багытта активдүү кызматташат.