Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясынын КЭР Ханьдань университетине иш-сапары

4-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясы Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясында жайгашкан жогорку окуу жайлары менен таанышып жана ал жакта Ханьдань университетинде Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалын ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Делегацияны КМУнун окуу иштери боюнча проректору, техника илимдеринин доктору, профессор Талантбек Курманбек уулу жетектейт. Делегациянын курамында Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн начальниги Рахат Рай кызы, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Жылдыз Мадраимова жана КМУнун Окумуштуу катчысы Нурила Чойбекова.

И.Арабаев атындагы КМУнун делегациясын Хэбэй провинциясынын парткомунун секретарынын орун басары Пан Лу мээримдүү тосуп алып, тажрыйба алмашуу боюнча маектешти. Жолугушууда Хэбэй провинциясынын Ханьдань университетинин тиешелүү жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери катышты. Пан Лу айым эл аралык байланыштар жана биргелешкен чет элдик билим берүү долбоорлору тууралуу негизги маалыматтар менен бөлүштү. Ал “эки тараптуу байланыштар университеттер арасында эл аралык билим берүүнү биргелешип өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн кызматташтыкты бекемдейт”, деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде КМУнун делегациясынын жетекчиси Талантбек Курманбек уулу кытай тарабын жылуу кабыл алгандыгына терең ыраазычылыгын билдирди. Ал КМУнун өнүгүү жана кадрларды даярдоонун абалына кыскача токтолду. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эл аралык байланыштары жана башка ЖОЖдор менен кызматташуусу тууралуу эл аралык байланыштар бөлүмүнүн начальниги Рахат Рай кызы тааныштырды.

КМУнун делегациясы Хэбэй провинциясынын Ханьдань университетинин Химия, химиялык инженерия жана материалдар факультетинин гетероциклдүү бирикмелер лабораториясында жана Маалыматтык инженерия факультетинде жайгашкан оптикалык була биосенсордук жана байланыш түзүлүштөрүнүн лабораториясында болушту.

Жолугушууда эки тарап тең өз ара ишеним жана бири-бирин урматтоо принциптерин карманып, студенттерди, окутуучуларды алмашуу, Конфуций класстарын ачуу, активдүү алмашуу боюнча талкууларды жүргүзүп, орток пикирге келишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.