Blog Image

Е.Бөкетов атындагы Караганда университетиндеги жолугушуулар

2022 жылдын 12-декабрында И.Арабаев атындагы КМУнун География, экология жана туризм факультетинин география жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы, г.и.к., доцент Д.Солпуева, г.и.к., доцент Э.Токторалиев, б.и.к., доцент Г.Садыкова, ага окутуучу Н.Жумалиев, окутуучу Т.Кожогелдиев, факультеттин тарбия иштери боюнча координатору, окутуучу Бактыбек кызы Нургуль Казахстандагы Е.А.Бөкетов атындагы Караганда университетинин география жана биология факультетинин географ окутуучуларына жана студенттерине «Туруктуу өнүгүү боюнча билим берүү» деген темада семинар-тренинг өткөрүп, катышуучуларга сертификаттарды тапшырышты. Тренингге окуу жайыбыздын 1-курстун магистранты Имаш кызы Сайкал да катышып, магистранттардын окуусу, илимий изилдөө иштери менен таанышты.

Эки тараптуу кызматташтыкта 3 (бакалавр, магистр, PhD) деӊгээл боюнча адистерди даярдоо, магистранттар үчүн кыска мөөнөттүү илимий-изилдөө иштерин өткөрүү, окумуштуулардын илимий макалаларын жарыка чыгаруу, жогорку деӊгээлдеги конок лекцияларды уюштуруу боюнча макулдашуулар ишке ашты.