Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжине жаңы директор дайындалды

24-сентябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору кызмат ордуна педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Токтобүбү Ашымбаева дайындалды.

Токтобүбү Ашымбаева мурда Кыргыз билим берүү академиясында вице-президент, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинде орун басар болуп эмгектенген. Ал өзүнүн карьерасында билим берүү системасын өнүктүрүүгө, инклюзивдик билим берүүгө жана окутуунун инновациялык ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл буруп келген.

Колледждин директору катары Токтобүбү Ашымбаева колледждин стратегиялык максаттарын ишке ашырууга, билим берүү программаларын жакшыртууга жана студенттердин билим сапатын жогорулатууга өз салымын кошоорун белгиледи.

Колледждин профессордук-окутуучулар курамы жаңы директорго ийгилик каалап, анын жетекчилиги менен билим берүү жаатында жаңы жетишкендиктерге ээ болууга үмүттөнүшөт.