Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Химия, биология, география жана туризм институтунун II жана IV курсунун студенттери практика өтүүдө     

11-сентябрдан тартып И.Арабаев атындагы КМУнун Химия, биология, география жана туризм институтунун табигый илимий билим берүү багытынын II курсунун студенттери адаптациялык-педагогикалык практикасын жана IV курсунун студенттери кесиптик-профилдик практикаларын Бишкек шаарындагы №50 жалпы орто билим берүү мектебинде жана проф. А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде ѳтүшүүдѳ.
Мектепте студенттер мугалимдик кесип менен таанышып, документ, эреже жана ар бир окуучуга мамиле кылганды үйрѳнүп, тажрыйба алышууда.  
4-курстун студенти Айдай Нурланова Бишкек шаарындагы №50 орто мектебинде 6-класстарга ачык сабак өттү. Сабакка кафедранын методисти Н.Д. Мамбетова жана мектеп мугалими Н.А. Жумагуловалар катышты. Сабак кѳрсѳтмѳ куралдар, географиялык карта жана техникалык каражаттарды пайдалануу менен кызыктуу өттү.