Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору болуп Айгүл Чалданбаева дайындалды 

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору болуп Айгүл Кушчубековна Чалданбаева дайындалды.
Айгул Чалданбаева биология илимдеринин кандидаты, педагогика илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу. 
ЖОЖдордо биология мугалимдерин даярдоодо окуу процессине компетенттүү мамилени киргизүү жаатында РИНЦ жана SCOPUS журналдарында жарыяланган 100дөн ашык илимий эмгектердин автору, анын 80ден ашыгы илимий жана 11и окуу-методикалык.
Айгүл Кушчубековна Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, Россиянын Билим берүү академиясынын илимге жана билимге эмгек сиңирген ишмери.
Айгүл Кушчубековнага бекем ден соолук жана иштерине ийгилик каалайбыз!