Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун өкүлдөрү кызматтык иш сапар менен Японияга барды

И. Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, спорт жана жаштар иштери боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова, Японтаануу институтунун директору Айбек Самаров кызматтык иш сапар менен Японияга барды.

Иш сапардын алкагында Япониядагы жогорку окуу жайларда бир нече жолугушуулар уюштурулуп, алардын ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү менен жеринен таанышып, келечектеги ар тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

27-май күнү Япон эл аралык университетинин жетекчилиги менен жолугушуунун алкагында эки университеттин ортосундагы билим берүү, илим, маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кеңири баарлашуу өттү. Ошону менен катар эле Япон эл аралык университетте магистрдик программалар алкагында билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушуу уюштурулуп, пикир алышуу болду.

Андан тышкары, И. Арабаев атындагы КМУ менен JIGYO университетинин ортосунда кызматташуу боюнча келишимди ишке ашыруу максатында алдыдагы иш-аракеттер, перспективалык жолдор тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн университеттин ректору Соутоме Масаёши, эл аралык байланыштар боюнча проректору Томияма Эйко, студенттерди окууга кабыл алуу жана жумушка орноштуруу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Мацуяма Хироши менен пикир алышуу болду.

28-май күнү Нагаока технологиялык университетинин жетекчилиги менен расмий жолугушуу уюштурулуп, университеттер ортосундагы билим берүү, илим, академиялык мобилдүүлүк жана маданий багыттагы алмашуулар тууралуу эки тараптуу келишимге кол коюлду.

Иш сапардын алкагында Шибата шаарынын бизнес өкүлдөрү, компаниялардын жетекчилери жана жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу орун алды. Жолугушуунун жүрүшүндө билим берүү, академиялык мобилдүүлүктү ж.б. уюштурууга ар тараптуу колдоо көрсөтүү жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө жана өнүктүрүү боюнча пландар талкууланды.