Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун Кесиптик бирлигинин окуу-усулдук семинары өттү 

27-сентябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Кесиптик бирлигинин ишинин жана профбюролордун иш кагаздарынын жүргүзүлүшү боюнча окуу-усулдук семинары болуп өттү. Семинарды университеттин Кесиптик бирлигинин төрагасы Н. Догдурбек жана эсепчиси Д.М.Дайырбекова жетектеп, ар бир профбюролордо иш кагаздарынын жүргүзүү тартиби жана башка маселелер каралды. Иш-чара жыл сайын жаңы профбюро мүчөлөрүн иш кагаздар менен иш алып баруу жана өзгөрүүлөрдү баардык профбюролорго жеткирүү максатында уюштурулат. Семинардын жүрүшүндө “АГО Инстайл” ЖЧКсы университетте окуган муктаж студент кыздар үчүн чапандарды (пальто,плащ) Кесиптик бирликтин төрагасы Н.Догдурбекке тапшырышты. Ал чапандар университеттин базасында жеңилдик, муктаждык боюнча тизмеде турган студенттерге таратылат. 
Университеттин жалпы жамааты  “АГО Инстайл” ЖЧКсынын ишине ийгиликтерди каалоо менен терең ыраазычылык билдирет.