Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун корей тили бөлүмүнүн 8 студентине “Хангыль” стипендиясы тапшырылды.

И. Арабаев атындагы КМУнун корей тили бөлүмүнүн 8 студентине “Хангыль” стипендиясы тапшырылды. Иш-чараны Бишкек Седжонг институту уюштуруп, анда “Баексан” маданий борборунун концерти тартууланып, дүйнөлүк чыгармалар жана корей салттуу бийлери аткарылды.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директорунун орун басары Жылдыз Мадраимова, Корей тили бөлүмүнүн башчысы Сон Донг Веон, Бишкек Седжонг институтунун өкүлдөрү жана Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары жана студенттери катышты.

Белгилей кетсек, 2023-жылы И.Арабаев атындагы КМУнун Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун корей тили кафедрасынын түзүлүшү менен “Хангыль” стипендиялык фонду түзүлгөн. Бул фонддун максаты ЖРТнын жогорку жыйынтыгы бар студенттерди тартуу, окуудагы жакшы көрсөткүчтөрү бар студенттерге стимул берүү жана колдоо болуп саналат. 2023-жылы ЖРТнын эң жогорку баллга ээ болгон корей бөлүмүнүн 1-курсунун 8 студенти 17 000 сом өлчөмүндөгү стипендияга ээ болушкан. Аталган фонд 2024-2025-жылы да бул салтты улантууну пландоодо.