Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун курам жетекчилери КЭРдин окуу жайларынын өкүлдөрү менен жолугушту

30-октябрда И.Арабаев атындагы КМУга Henan Huaxin Sunshine Билим берүү технологиялар компаниясынын башкы директорунун орун басары Ли Цинюнь жетектеген Кытай Эл Республикасынын билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнүн чоң делегациясы келди. Делегацияны окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Талантбек Курманбек уулу тосуп алды.
Тараптар кызматташуу жана ишкердик өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.  Жолугушууга Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору, профессор Нуржан Сартбекова, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, профессор Мирлан Дылдаев, Эл аралык билим берүү программалары институтунун директору Мээрим Субанбекова, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы катышышты.