И.Арабаев атындагы КМУнун курамдары арасында футбол боюнча достук турнири болуп өттү
Спорттук мелдешти окуу жайдын Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмү менен Мамлекеттик тил жана маданият институту бирге уюштурду. Аталган спорттук оюндардын максаты – дени сак жашоо образын жайылтуу жана окуу жайдын окутуучулары арасында эң күчтүү спорттук командаларды аныктоо болуп саналат.
Оюндардын жыйынтыгында төмөнкү курамдар алдыңкы орундарга ээ болду:
1-орун – Дене тарбия факультети.
2-орун – География, экология жана туризм факультети.
3-орун – Гуманитардык билимдер факультети.