И.Арабаев атындагы КМУнун курамдык түзүмдөрү өзгөрүп, алардын жетекчилери дайындалды
Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун жалпы ишмердүүлүгүн өнүктүрүү жана натыйжалуу жүргүзүү максатында университеттин курамдык түзүмдөрү өзгөртүлгөн.
Бүгүн, 13-июнда, төмөнкү курамдык түзүмдөрдүн жетекчилеринин милдетин аткаруучу кызматтарына кийинки талапкерлер дайындалды:
- Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директорунун милдетин аткаруучу кызматына Керимов Улан Турсунбекович;
- Физика-математика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына Бексултанов Жеңиш Тункатарович;
- Японтаануу институтунун директорунун милдетин аткаруучу кызматына Самаров Айбек;
- Дене тарбия факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына Сарымсаков Каныбек Кубанычбекович;
- Искусство жана дизайн факультетинин деканынын милдетин аткаруучу кызматына Сулайманова Жылдыз Назарбековна;
- Теология бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кызматына Шамралиев Нурбек Болотович;
- Мамлекеттик тил жана маданият институтунун журналистика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу кызматына Жапаракунов Улукбек Курманбекович.