Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

27-октябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин №2 отуруму болуп өттү. Анда, Маалыматтык технологиялар борборунун жетекчиси Элзар Эшаров 2023-2024-окуу жылына кабыл алуу комиссиясынын отчетун тапшырды. 
Кийинки маселе, университеттин окуу имараттарынын жана жатаканаларынын кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматты административдик-чарбалык иштер боюнча проректору Бакбур Исаев баяндады.
Окумуштуулар кеңешинин отурумунда Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын доц. м. а. Айнура Муратовага “Педагогика” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алууга жана Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун Колдонмо информатика кафедрасынын доц. м. а. Кабулжан Юсуповго “Информатика, эсептөө техникасы жана башкаруу” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамын алууга сунушталды.