Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйынынын отуруму өттү

30-декабрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйынынын № 4 кеңейтилген отуруму өттү.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунун Күн тартибинде И. Арабаев атындагы КМУнун эл аралык ишмердүүлүгүнүн абалы, көйгөлөрү жана өркүндөтүү жолдору (2022-2024-жылдар боюнча) тууралуу отчетун КМУнун эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы берди; И. Арабаев атындагы КМУнун 2023-2024-окуу жылына финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча отчетун КМУнун административдик-чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев тапшырды.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунда Уулай Сапарбаевага “Биология” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.

“Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” ардактуу наамы ыйгарылган И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультетинин профессору Шаршеналы Алиевге жана “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” ардактуу наамы ыйгарылган Физика-математика факультетинин профессору Коңуржан Төрөгелдиевага КМУнун профессордук-окутуучулар курамы ийгиликтерди каалап кетти.

Жылдын жыйынтыгы боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультети “Жылдын мыкты факультети” деп таанылды.