Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин отурумунда окумуштуулук даражасына ээ болгон окутуучуларга дипломдор тапшырылды

Бүгүн, 4-февраль күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Окумуштуулар кеңешинин отурумунда Жаштар жана социалдык-маданий иштер бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Айдаров педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук илимий даражасына, Физика-математика факультетинин окутуучусу М. Анарбекова педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин окутуучусу С.К.Ормонова филология илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болушту.

Теология факультетинин деканы Н.Б. Шамралиев жана Теология жана дин таануу кафедрасынын башчысынын м.а. А.А. Таштанова, КР Улуттук аттестациялык комиссиясынын 2024-жылдын 26-декабрындагы чечими менен нострификациядан өткөн философиянын доктору (PhD) дипломдору тапшырылды.