Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдерине окуу-тренингдерин өткөрүштү

И. Арабаев атындагы КМУнун Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды даярдоо институтунун психология-педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучулары, эл аралык тренерлер Бишкек шаарындагы мектептердин мугалимдерине методикалык жардам катары бекер окуу-тренингдерди өткөрүүдө. Анда “Туруктуу өнүгүү жана туруктуу өнүгүү үчүн билим берүү”, “XXI кылымдын компетенциялары: функционалдык сабаттуулук (PISA-2025, STEM окутуу жана окуп кетүүгө үйрөтүү)” деген темаларда Гульмира Шамканова сабак берсе, Чынара Өмүрканова «Инсанга багыттап окутуу: руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү, жарандык аң-сезими - өзүн таануу”, “Билим берүүдө салттуу жана заманбап технологияларды колдонуу менен окутуу” тууралуу өттү. Биздин университет чейрек кылымдан бери мугалимдерди келечекке даярдаган, педагогикалык багыттагы окуу жайы болгондуктан, мектептин мугалимдерин, өзгөчө жаш мугалимдерди кесипке тартуу максатын көздөп келет. Мына ушундай алгылыктуу ишти улай ушул жылдын февраль айында Гульмира Шамканова жогоруда аталган темаларда кесиптештерди колдоо иретинде Ош жана Нарын шаарларында, Ак-Талаа районунда, Чынара Өмүрканова Бишкек шаарынын Ленин районундагы №96 мектепте 4-мартта жана №93 мектебинде 18-мартта акысыз окуу-тренинг өткөрүштү.