Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Ош, Жалал-Абад жана Өзбекстандагы  Фергана шаарларынын университеттерине барып конок лекция өтүп келишти

Үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде география, экология жана туризм факультетинин деканы, география илимдеринин доктору, профессор Т.М.Чодураев, жана анын орун басары география илимдеринин доктору, профессордун милдетин аткаруучу Р.Т.Акматов, гуманитардык билимдер факультетинин деканы биология илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Ө.А.Карымшаковдор Ош облусуна барышып, ОшМУнун география, биология кафедраларынын 2-3-курстарынын студенттерине Кыргызстандын суу проблемалары, гидроэнергетикасы жана Кыргызстанда жайыттарды пайдалануу маселелери боюнча лекция окушту.
       Ошол эле күнү Өзбекстандын Фергана университетине барышып, педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо регионалдык институтунда жана табият таануу факультетинде болушту. Педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо регионалдык институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор Ю.И.Ахмадалиев жылуу маанай менен тосуп алып, И.Арабаев атындагы КМУ менен келечекте кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи. Г.и.д., проф. м.а. Р.Т.Акматов география кафедрасынын окутуучулары жана 2-курстун студенттерине  «Кыргызстанда трансчек аралык суу ресурстарын пайдалануу проблемалары» боюнча лекция окуду.
    29-апрелде окумуштуулар Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде болуп, аталган университеттин окуу жай катары түптөлгөндүгүнүн 100, түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына жана профессор К.С.Алыбаевдин 70 жылдык мааракесине карата «Илим жана билим гармониясы – коомду өнүктүрүүчү күчтөрдүн негизи» аталышындагы илимий-практикалык конференцияга катышты. Г.и.д., профессор Т.М.Чодураев, г.и.д., проф. м.а. Р.Т.Акматов жана б.и.к., проф. м.а. Ө.А.Карымшаков география адистигинин 2-курстарына жана медициналык колледждин студенттерине «Нарын дарыясынын абалынын жогорку бөлүгүндө вегетациялык мезгилдеги агымынын өзгөрүшү», «Суусамыр өрөөнүнүн жайыттарынын өзгөчөлүгү» деген темаларда конок-лекция өтүштү.