Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Стамбул Айдын университетинде академиялык мобилдүүлүк боюнча тажрыйба алмашууда

26-марта академиялык мобилдүүлүк жана келишимдин негизинде М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору, п.и.к., доцент Гүлнара Усенгазиева, педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын кафедра башчысы, т.и.к. , доцент Гүлзада Абдалиева, кафедранын доценти, т.и.к. Назгүл Рысмендеева, ага окутуучу Венера Жумалиева, Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева Түркия Республикасынын Стамбул Айдын университетинин окуу процесси жана илимий ишмердүүлүгү менен таанышып, алдыңкы профессордун сабактарына жана Кипрден келген профессордун конок-лекциясына катышышты. Стамбул Айдын университетинин 4-курсунун студенттерине доцент Г.Абдалиева “1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүш расмий архивдик маалыматтарда” аталышында лекция окуду, доцент Г. Усенгазиева И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жөнүндө студенттерге презентация көрсөттү.