Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары жана студенттери венгр акыны Шандор Петефинин “Азаттык жана Махабат” ырлар жыйнагынын котормосунун экинчи басылышынын бет ачарына катышты.

Жыйнактын бет ачарына Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Шандор Дороги, КР Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Улан Усеков, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, университеттердин өкүлдөрү, маданият жана коомдук ишмерлер катышты.
Жыйнактын бет ачарына профессор Р.Айтматова жана И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары жана студенттери катышты.
Республикабыздын жалпы билим берүүчү мектептеринин китепканалары үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине китептерди салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү. Ошондой эле, аталган иш-чарада Алыкул Осмоновдун үй-музейинин директору, коомдук ишмер Памирбек Казыбаев Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Венгриянын алтын крести менен сыйланды.
Катышуучуларга КРнын эмгек сиңирген артисти Талантаалы Бакчиев жана ЖОЖдун студенттери бар өнөрлөрүн сунуштады, алардын арасында И.Арабаев атындагы КМУнун студенти Фатима Латыпжан кызы А.Осмоновдун «Сүйүү жана мен» ырын көркөм окуду.