Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы Р.Зайниев КРнын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Раушанбек Зайниев КРнын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды.
Университеттин профессордук-окутуучулар курамы Раушанбек Акимовичти сыйлыгы менен куттуктап, бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалайт!