Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Кореялык компьютердик инженерия боюнча магистрин кабыл алды

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу жана илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айсулу Бейшенова атайын университет менен таанышууга келген Кореядагы Ульсан университетинин бүтүрүүчүсү, компьютердик инженерия боюнча магистр даражасынын ээси Сон Мин Чойду кабыл алышты. Жолугушууда Сон Мин Чой окуу жайдын тарыхы жана жетишкендиктери жөнүндө маалымат алды. Андан соң, Жаңы маалыматтык технологиялар институтуна экскурсия кылып, студенттердин жасаган иштери менен таанышты.