Blog Image

И. Арабаев атындагы КМУнун  Орус филологиясы факультетинин деканы Н. Сегизбаева К.Д.Ушинский атындагы ЯМПУга барды 

И. Арабаев атындагы КМУнун Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева К.Д.Ушинский атындагы Ярославль мамлекеттик педагогикалык университетине барып, анда университеттин биринчи проректору А.М.Ходырев жана филология жана маданият факультетинин деканы Ж.К.Гапоновалар менен жолугушту. Н. Сегизбаева ЯМПУга аталган факультеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, конок лекторлорду, волонтерлорду тартуу жана окутуучуларды даярдоо максатында барды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын меморандумдары жаңыртылды. Назгүл Сегизбаева университеттин мактанычы болгон «Россиянын келечек муунунун мугалими» универсалдуу педагогикалык компетенциялар технопаркына барып, биргелешкен узак мөөнөттүү планды талкуулап, бакалавриат жана магистратура үчүн окуу пландарын талдап, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү тууралуу сүйлөштү. Ачык билим берүү борборун ачуу, илимий-методикалык семинарларды, мастер-класстарды өткөрүү, студенттер менен окутуучуларды алмашуу пландары каралды.