Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУда “Манас” эпосунун күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Бүгүн, 7-декабрда, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 4-декабрь – “Манас” эпосунун күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Университеттин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын, Педагогика жана психология институтунун, Искусство жана дизайн факультетинин студенттеринин биргеликте Манас таануу сабагы боюнча "Манастагы нарктуулук дүйнө таанымы" аталышында студенттерге "Манас" эпосун терең окуп үйрөнүү менен наркыбызды таанып билүү максатында өттү.

Иш-чараны Манас таануу кафедрасынын окутуучусу Жыпариза Токтакунова уюштурду. Алгач, белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков “Манас” эпосунан үзүндү айтты.

Аталган иш-чарага Манас таануу кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаев, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева жана окутуучулар катышты.