Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун ППИ жана ГПК жетекчилиги CAI өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү

30-ноябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун жана Гуманитардык-педагогикалык колледжинин жетекчилиги Creative Associates International уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Creative Associates International (CAI) 85тен ашык өлкөдө долбоорлорду ишке ашырат жана дүйнө жүзү боюнча 1000ге жакын адамдан турган кесипкөй жумушчу күчүн колдойт.
Акыркы 10 жылдын ичинде CAI 12 өлкөдө билим берүү тутумун бекемдөө жана окутуунун натыйжаларын жакшыртуу боюнча 16 ийгиликтүү демилгелерди жетектеген.
CAI бизнести өнүктүрүү боюнча директору Дэвид Колборн жана техникалык консультанты Кейт Томас жолугушууда Педагогика жана психология институтунун жана Гуманитардык-педагогикалык колледждин жетекчилиги менен башталгыч класстарга кадрларды даярдоо боюнча кызматташууну талкуулашты.