Blog Image

И.Арабаев атындагы КМУнун проректорлору Чунцин маалымат технологиялары кесиптик колледжинин президенти менен жолугушту

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Курманбек уулу Талантбек жана илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айсулу Бейшенова Чунцин маалымат технологиялары кесиптик колледжинин президенти, профессор Чен Шенг жана анын кесиптештери менен жолугушту. Жолугушууда кытайлык студенттерди чет өлкөдө окутуу, бакалавриат, магистратура жана PhD докторантура боюнча билим берүү программалары талкууланды.

Кытайлык кесиптештер педагогика, маалымат технологиялары жана медицинага эң чоң кызыгуусун билдиришти.