И.Арабаев атындагы КМУнун проректорлору менен Кытайдан келген Хэнань Хуасин билим берүү тобунун делегациясынын жолугушуусу өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун проректорлору менен университеттин түзүмдөрүнүн жетекчилеринин Кытайдан келген делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү. Кытайдан келген делегациянын жоон тобун И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу иштери боюнча проректору, профессор Талантбек Курманбек уулу, Илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Рахат Рай кызы, Эл аралык билим берүү программалар институтунун директору Мээрим Субанбекова, Докторантура, аспирантура жана PhD бөлүмүнүн башчысы Гульмира Касымалиева жана Кыргыз-кытай факультетинин деканынын м.а. Назгүл Ажымамбетовалар тосуп алып, актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын курамында Хэнань Хуасин билим берүү тобунун жетекчилери, декан, профессор Ван Жуйпин, директор Си Хайсинь, Чет элдик студенттер департаментинин директору Ван Дань, Түндүк Кытай Суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин улук инженери Ши Сингао, Шицзячжуан Кейуан кесиптик мектебинин директору Лу Яо, ошондой эле Шаньдун провинциясынын Хэбэй шаарындагы бизнес структуралардын жана илимий-изилдөө институтунун өкүлдөрү катышты.
Жолугушууда тараптар 2024-жылы магистратура жана аспирантурага кабыл алуу программасын талкуулап, кийинки этапта эки тарап биргелешип башкаруу моделин өркүндөтүү тууралуу сүйлөштү. Кытай университеттеринин докторанттарын И.Арабаев атындагы КМУга тартуу жана жумушка алуу маселелери талкууланды. Өзгөчө кызыгууну быйылкы жылы “Салттуу кытай медицинасы” адистиги боюнча даярдоо маселеси жана ага байланыштуу маселелер болду. Окутууну кытай, орус жана англис тилдеринде өткөрүү пландалууда.
Өз кезегинде Henan Huaxin Education Group компаниясынын жетекчилиги И.Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигине жылуу жана меймандос кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, аларды Кытайдагы билим берүү борборуна келип кетүүгө чакырды.